Машина коюп кеткен 71 жаштагы пенсионер эсине келбей жатып каза болду

Жазылуу
Кырсык 5-августта болжол менен кечки саат тогузда болгон. Чүй облусунун 56 жаштагы тургуну Алматы көчөсү менен келе жатып эки адамды коюп кеткен.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Аламүдүн районунда машина коюп кетип, 71 жаштагы пенсионер каза болгонун Чүй облустук ИИБ билдирет.

Сууга түшүп кеткен автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Арча капчыгайында жол кырсыгынан эки айлык баласы менен чет элдик жаран каза болду
Маалыматка ылайык, кырсык 5-августта болжол менен кечки саат тогузда болгон. Чүй облусунун 56 жаштагы тургуну Алматы көчөсү менен келе жатып эки адамды коюп кеткен. Натыйжада 71 жаштагы пенсионер жана анын 15 жаштагы небереси аймактык оорукананын реанимациялык бөлүмүнө жеткирилген. Жабыркаган кемпир ооруканадан эсине келбей каза болду.

Учурда машина унаа токтотуучу жайга жеткирилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0