Атыр аткезчилигине аралашкан аткаминерлердин иши сотко өттү

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүФемиданын айкели. Архив
Фемиданын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү контрабандалык жүктү чек арадан өткөрүүгө жана аны "Дордой" базасына чейин мыйзамсыз коштоп барганын Башкы прокуратура билдирди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкери жана Бишкектеги борбордук бажы постунун ага инспекторунун иши Аскер сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

2015-жылды 13-апрелинде жалпы суммасы 11 миллион сом болгон парфюмер-косметика товарлары жүктөлгөн автоунаа кармалган.

"Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү "Ак-Жол" бажы постунун кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, аткезчилик менен алынып кела жаткан жүктү жолтоосуз жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө шарт түзүшкөн", — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери аткезчилик менен өлкөгө кирген жүктү "Дордой" базарына чейин коштоп барган.

Аталган кылмыш ишине шектүүлөр кызматтык абалынан пайдаланган деп айыпталууда.

Кылмыш иши Бишкек шаардык гарнизондук сотунда каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0