Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кыргызстандык беш киши жаракат алды

Жазылуу
Кыргыз-тажик тарап абалга мониторинг жүргүзүп, мамлекеттик чек арада абал курчуп кетсе, эки жак биргелешкен иштерди өткөрүүнү сүйлөштү.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Баткен районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара аймагында 3-августта болгон чатактан кыргызстандык беш жаран жарадар болуп, жети үй жабыр тартып жана бир автоунаанын айнеги талкаланган. Бул туурасында мамлекеттек чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара аймагына чогулган эл таңга жуук саат үчтөрдөн өтүп тарап, аймак эртең менен салыштырмалуу тынч болду. 

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айбалаев: Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн үйлөрдү, жерлерди алмаштыруу менен чечсек болот
Чатак Көк-Таш айылынын жашоочулары унаа менен мүрзөгө кетип бара жатканда, Май айылында жашаган тажик бүлөлөрү жолду тосуп алгандан келип чыккан. Ага нааразы болгон кыргызстандыктар, ошол аймакта тажиктер жашаган Чорку айылына кеткен сууну жаап салган. 

Мындан улам, 120га жакын тажик жарандары жана 80ге чукул кыргыз жарандары чатак учурунда бири-бирине таш ыргытып, урушуп кеткен. 

Учурда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Баткендеги чек ара аймактары боюнча кыргызстандык адис Тажикстандын Исфара багыты боюнча иш алып баруучу өкүлү менен бир нече жолугушууларды өткөрдү. Анда абалга мониторинг жүргүзүп, мамлекеттик чек арада абал курчуп кетсе, эки тарап биргелешкен иштерди өткөрүүнү сүйлөштү.

Мындан бир айга чукул, дал ушул Чорку айылынын тургундары катышкан чек ара чатагы чыккан. 2015-жылы 6-июлда чек ара аймагында кыргыз-тажик чатагы чыккан учурда, Тажикстандын аймагында да бир чыр болуп, жергиликтүү тургундар Чорку айылы аркылуу автоунаа менен өтүп бара жаткан кыргыздарга кол салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0