Айдоочу рулду башкара албай, "Камаз" карагайды сүзүп ЧЧКга кулап кеткен

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, натыйжада бир катар жарааттары менен 32 жаштагы айдоочу Бишкек шаарындагы №1 оорукананын реанимациялык бөлүмүнө жаткырылды.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-август күнү "Камаз" үлгүсүндөгү унаа карагайды сүзүп, Чоң Чүй каналына түшүп кеткенин ИИМ билдирет.

Маалыматка ылайык, натыйжада бир катар жарааттары менен 32 жаштагы айдоочу Бишкек шаарындагы №1 оорукананын реанимациялык бөлүмүнө жаткырылды.

Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0