Дарыяга кулап, ташка такалып калган польшалык туристтин сөөгү чыгарылды

© пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери дарыя боюнда. Архив
ӨКМ кызматкерлери дарыя боюнда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун шарынын катуулугунан төрт күн бою сөөктү чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясына кулап, ташка такалып калган польшалык турист 36 жаштагы Миколай Ланецкий Шеллктун денеси дарыядан чыгарылганын ӨКМ билдирет.

Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга агып, ташка такалып калган польшалык туристтин денесин чыгара албай жатышат
Маалыматка ылайык, 29-июль күнү саат 19.40та чет элдик жаран белине жип байлап эски, бузулган асма көпүрөнүн тростору аркылуу аркы өйүзгө өтүп бара жатканда сууга түшүп кетип, 9-10 метрдей ылдыйда дарыянын аркы өйүзүндөгү ташка такалып калган. 

Суунун шарынын катуулугунан төрт күн бою сөөктү чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 2-августунда издөө иштерине КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан бир тик учак жана куткаруучулар чакырылып каза болгон адамдын жансыз сөөгү дарыядан чыгарылды. 

Сөөктү учактын жардамы менен Ош шаарына алып келишип, шаардык оорукананын өлүк сактоочу жайына өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0