Москвада көзү азиз кызга кол салып, тоноочулар анын күчүгүн уурдап кетишти

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүМосквада көзү азиз кызга кол салып, тоноочулар анын күчүгүн уурдап кетишти
Москвада көзү азиз кызга кол салып, тоноочулар анын күчүгүн уурдап кетишти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыжыр кайнаткан бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Социалдык тармактарда кылмышка күнөөлүүлөрдү табууга жана уурдалган итти издөөгө жарандык активисттер жигердүү катышып жатат.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Азиз кызды жетелеп жүрүүчү иттин уурдалышы жана белгисиз адамдардын кол салуусу боюнча Москва полициясы тарабынан кылмыш иши козголгонун ИИМдин тергөө бөлүмү билдирди.

"Москванын укук коргоо органдары аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Итти табуу боюнча издөө иштери жүрүп жатат", — деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары 29-июль күнү кечинде Москва шаарындагы "Профсоюзная" метросунун жанынан майып кызга кол салып, аны жетелеп жүргөн итин уурдап кетишкенин жазып чыгышкан.

Кыжыр кайнаткан бул окуя коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Социалдык тармактарда кылмышка күнөөлүүлөрдү табууга жана уурдалган итти издөөгө жарандык активисттер жигердүү катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0