Сокулук: көлмөгө түшүп жаткан жергиликтүү тургун чөгүп кетти

Жазылуу
Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда болжол менен саат 19.45те болгон.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Крупская айыл аймагында 54 жашар Эсенгул Жылчымышев көлмөгө түшүп жатып, чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда болжол менен саат 19.45те болгон. 

Издөө иштерине беш куткаруучу тартылган. Жылчымышевдин жансыз денесин 31-июль күнү эртең менен туугандары тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0