Польшалык альпинист зоодон кулап, Исфайрам дарыясына агып кетти

Жазылуу
Кырсык үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда саат 19:40 чамасында болгон.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Польша мамлекетинин жараны, 34 жаштагы альпинист  Миколай Ланецкий Шеллк  Кадамжай районунда зоодон кулап, Исфайрам дарыясын кирип турган суусуна агып кеткен.  Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда саат 19:40 чамасында болгон.

Издөө иштерин ӨКМдин Кызыл-Кыя шаардык №4 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруучулары жүргүзгөн. Азырынча чет элдик жаран табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0