Өлкөдөн тыш жүргөн кытай жаранына айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз беришкен

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айдоочулук күбөлүк" кагазы. Архив
Айдоочулук күбөлүк кагазы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык документтерди жасалмалоо беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Коррупцияга каршы кызмат Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу унаа каражаттарын жана айдоочулук түзүмдү каттоо департаментинин кытайлык жаранга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берген фактысын аныктады. 

Мамлекеттик каттоо кызматы мөөнөтү белгиленген айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө
УКМКнын маалыматына ылайык, 2014-жылдын март айында аталган мекеменин жетекчилеринин бири жасалма документтердин негизинде кытай жаранынын Кыргызстандын аймагында жок экенине карабастан айдоочулук күбөлүк берген. 

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык документтерди жасалмалоо беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0