Онкология борборунда бейтаптардан түшкөн 7,5 миллионду сол чөнтөккө салышкан

© Sputnik / Григорий Василенко / Медиабанкка өтүүОоруканадагы ымыркай. Архив
Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеменин кирешесин текшерүү учурунда 2013-2014-жылдарда оорулуулардын каражаты каттала турган атайы эсепке 7 миллион 483 миң сомдун түшпөгөндүгү аныкталган.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалыматы кызматы билдирди.

Врач. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ниязалиева: саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилигине даярдыгы жок кадрлар келүүдө
Мыйзам боюнча, Улуттук борбор онкологиялык эмес жана зыянсыз шишик менен ооруган адамдарды жеке каражаттын эсебинен дарылайт. 

Маалыматка ылайык, мекеменин кирешесин текшерүү учурунда 2013-2014-жылдарда оорулуулардын каражаты каттала турган атайы эсепке жети миллион 483 миң сомдун түшпөгөндүгү аныкталган.

Мекеменин жетекчилигине Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу) негизинде кылмыш иштери козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0