Баткенде жер тилкеси үчүн пара талап кылган кызматкер кармалды

Жазылуу
Айыл аймагынын кызматкери 10 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Кадамжай районуна караштуу Алга айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси пара алып жаткан жеринен кармалганын Финансы полициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун ИИБ 5-бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган айыл өкмөттүн кызматкери пара алып жатканы аныкталган.

"Адис жер тилкесин бөлүп берүү боюнча иштин чечилиши үчүн пара талап кылган. Аталган жаран 10 миң сом өлчөмүндө каражат алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0