Омар бир айга камакка алынып, учурда жүрөгү кармап ооруканага жаткырылды

© предоставлено Омаром ЖанышовымЫрчы Өмүрбек Жанышев. Архив
Ырчы Өмүрбек Жанышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Булактын берген маалыматына ылайык, учурда Омар жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылды. Аны күзөтүп турушат.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Ырчы Омарды Талас райондук соту бир айга камакка алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигиндеги булак билдирди.

Булактын берген маалыматына ылайык, учурда Омар жүрөгү ооруп ооруканага жаткырылды. Аны күзөтүп турушат.

ОТРК имаратынын алдында кол чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Омар таанышы менен дыйкандан ири көлөмдө төө буурчак алганы аныкталды
ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, Талас районунун тургуну Болот Бейшеналиев укук коргоо органдарына кайрылып, Бакай-Ата районунун тургуну Нуржан Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев андан 40 тонна төө буурчакты "акчасын кийин беребиз" деп алышканын айтып, бирок акчасын кайтарып бере электигин билдирген. Аталган факты боюнча 2015-жылдын апрель айында Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

21-июлда шектелип жаткан Нуржан Токтогулов кармалып, убактылуу кармоо жайына камакка алынып, сот аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Омардын продюсери ырчынын атын сатып, аны жаманатты кылып жатышканын айткан. 

Ошондой эле, бир катар ырчылар Омардын өлкөдөн чыгып кетпөөсүнө кепилдик беребиз деп кол топтошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0