Көлдө эс алып жүргөн адам сууга чөгүп кетти

Жазылуу
Куткаруучулар 28-июль күнү Аламүдүн районундагы Мыкан айылынын тургуну Сабыркуловдун жансыз денесин алып чыгышкан.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинде 27 жаштагы Байсал Сабыркулов сууга чөгүп кеткенин ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык 27-июль күнү түнкү саат 11де болгон. Окуя болгон жерге тартылган беш куткаруучу менен үч суучул издөө иштерин жүргүзүп, 28-июль күнү Аламүдүн районундагы Мыкан айылынын тургуну Сабыркуловдун жансыз денесин алып чыгышкан. 

Куткаруучулар сөөктү Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасынын өлүкканасына тез жардам менен жөнөтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0