Корук кызматкерлерине корчоңдоп, өзүм билемдик кылган командирге иш козголду

Жазылуу
Өтүүгө уруксат ала албаган аскер кызматкерлери корук жумушчуларына күч колдонуп, өзүм билемдик менен дарбазаны ачып, аймакка кирген.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аскердик прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командирине карата кылмыш иши козголгонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстанда жүк ташуучу учак жүргүнчүлөрдү ташып, өмүргө кооптуулук жараткан
Маалыматка ылайык, 22-июль күнү аталган бөлүктүн командири жана башка аскер кызматкерлери кызматтык унаа менен Аксы районундагы "Сары-Челек" коругуна келишкен. Өтүүгө уруксат ала албаган аскер кызматкерлери корук жумушчуларына күч колдонуп, өзүм билемдик менен дарбазаны ачып, аймакка кирген.

Аталган факт боюнча кылмыш иштери Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) жана 305-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0