Жарандык никедеги аялын мыкаачылык менен өлтүргөн киши кармалды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЭркек кишинин колу. Архив
Эркек кишинин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотмедэкспертиза каза болгон аялдын 11 кабыргасы сынганын жана бети башы көгала болгонун тастыктаган.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Менделеев көчөсүндөгү үйдө өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү 24-июлда табылганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Заседание суда по болотному делу - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы районунун 27 жаштагы тургуну өз атасын мыкаачылык менен сабап өлтүрдү
Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу барган. Каза болгон аял 34 жаштагы киши менен бир жылдай чогуу жашап келгени аныкталган. Эркек мас абалында жарандык никеде жашаган аялын такай сабап келген. Ал күнү күйөөсүнүн кордугуна чыдабаган аял тааныштарыныкына барып жашынганы менен таап алып, аябай катуу сабаган.

Соттук медициналык экспертиза каза болгон аялдын 11 кабыргасы сынганын жана бети баша көгала болгонун тастыктаган.

Аталган факт боюнча Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (+згөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) боюнча кылмыш козгогон. Бул кылмыш ишине шектүү делип, 34 жаштагы киши кармалды. 

Каза болгон аялдын ким экендиги эки күндөн кийин гана аныкталып, ал 36 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0