Маматалиев: "Бозумчактагы" митингге чыккандардын бир нечеси кармалды

Жазылуу
Митингге чыккандар 24-июлда кенди иштеткен "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясынан жолдорду асфальттап берүүнү жана жергиликтүү элден ишке көбүрөөк алууну талап кылган.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Учурда Жалал-Абад облусунда абал тынч, ал эми жез-алтын кенин боюнча жол тоскондордун бир канчасы кармалды. Бул туурасында маалымат жыйынын өткөргөн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. 

Сариев Ала-Бука — Көк-Таш жолун тоскондордун жоопкерчилигин кароону тапшырды
23-июлда "Бозумчак" кенине кеткен жол өтүүчү Көк-Серек айылынын 50гө жакын жашоочусу аталган кенди иштеткен "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясына бир нече талаптарды коюп, жол тоскон. Алар негизинен комбинатка жергиликтүү элден жумушка алуу жана айылдын жолун асфальттоо талаптарын коюшкан.

Маматалиевдин айтымында, 29-июлда эл менен жолугушууга "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясынын өкүлдөрү келишет. Атка минер тополоң кылгандардын бир канчасы кармалып, милиция бөлүмүндө отурулгандыгын билдирди. Алар Административдин Кодекстин Автожолду мыйзамсыз тоскондугу үчүн 231-берене боюнча кармалган. 

Маматалиев компаниянын жетекчилигинин жоопкерчилиги өзүнчө каралып жаткандыгын айтты. 

Вице-премьер-министр митингге чыккандардын арасында, кенде мурда иштеп, кийин бошотулгандар бардыгын кошумчалады.

"Учурда компаниянын чечимине нааразы болгондор арбын, анын себептери да териштирилип жатат", — деп кошумчалады вице-премьер. 

Ал өкмөт митингге чыккандардын талабы менен таанышкандыгын айтты. 

"Алар кенде жергиликтүү эмес адистердин көбүрөөк иштегендигине нааразы. "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясынын өкүлү иштегендердин 97 пайызы кыргызстандык жарандар экендигин, анын ичинен Көк-Серектен 137, ал эми Көк-Таш айылынан 117 адам, ал эми калгандары коңшу айылдардан экендигин маалымдады," — деди Маматалиев. 

Алтын карьери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бозумчак" кени боюнча эртең Көк-Ташта коомдук угуу өтөт
Вице-премьер-министрдин айтымында, митингчилердин дагы бир талабы – "түшүнүксүз", алар жолду ремонт кылууну талап кылышкан. Анын айтымында, Өзбекстанды айланып өтө турган жолду ремонттоого 2007-жылы 10, 6 миллион доллар сарпталган. Мындан сырткары башка жолдор да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Эксперттердин баасы боюнча, "Бозумчакта" 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар.

Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында 28-июлда коомдук угуу болуп, ага жакын жайгашкан эки айлыдын эли катышып, Көк-Серектиктер айткан талаптар талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0