Чүйдө жер алдамчылыгы боюнча 72 кылмыш иши козголду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЖер сатуу. Архив
Жер сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан облус боюнча жер алдамчылыгына шектелип 18 адам кармалды. Анын жетөө камакка алынып, алтоо үй камагына чыгарылды. Калган беш адам сыртка чыкпоо кол каттын негизинде чыгарылган.

БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Чүй облусунда быйылкы жылдын биринчи жарымында жер тилкесин алып берем деп алдамчылык кылуу боюнча 72 кылмыш иши козголуп, анын 11и сотко өткөн. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунда эле аталган факт боюнча 55 кылмыш иши козголгон. Бир эле адам 15 ирет алдамчылыкка барган учурлар кездешет.

Жалпы жонунан облус боюнча жер алдамчылыгына шектелип 18 адам кармалды. Анын жетөө камакка алынып, алтоо үй камагына чыгарылды. Калган беш адам сыртка чыкпоо кол каттын негизинде чыгарылган.

Бардык козголгон кылмыш иштери боюнча учурда иликтөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0