Нарымбаев эки айга камакка алынды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Нарымбаев экс-депутат Түлеевдин жакындарынан анын камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 15-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. 

"Судья Нурлан Эсенбаев Нарымбаевди УКМКнын СИЗОсуна сентябрь айына чейин камоого чечим чыгарды", — деп Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Шаршемби күнү камакка алынган депутат Хаджмурат Коркмазов Башкы прокуратурада беттештирүү учурунда соттолгон Нариман Түлеевдин жакындарынан Данияр Нарымбаевдин айтуусу менен акча талап кылганын билдирди. 

Данияр Нарымбаев экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан Түлеевдин камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп пара алган деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0