Кечээ эки киши сууга чөгүп каза болду

Жазылуу
Кыргызстанда жай мезгилинде өзгөчө сууга чөгүүлөр көп болууда.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Кечээ Ысык-Көлдө жана Баткенде эки киши сууга чөгүп каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи кырсык Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск шаардык пляжында болгон. 

"Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну, 33 жаштагы Эшимбек Эсенбаев чөгүп кеткен. ӨКМдин суучулдары көлдүн 15 метр тереңдигинен анын жансыз денесин таап чыгып, туугандарына тапшырышты", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы. 

Экинчи окуя Сүлүктү шаарындагы Кош-Булак айылында кечки саат алты жарымдарда "Шахта-Курулуш" аймагындагы көлдө болуп, 32 жашар Абдурасул Газиев чөгүп кеткен. Анын денесин ӨКМ куткаруучулары кечки саат тогуздарда таап чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0