Унаага катылган 31 кг. героинди ит таап чыкты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүИт унаага катылган 31 кг героинди таап чыкты
Ит унаага катылган 31 кг героинди таап чыкты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жума ичинде Кыргызстандан Казакстандын аймагына 50 килограмм баңгизат киргизүүгө аракет болгон.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. "Кордай авто" өткөрүү пунктунун чек арачылары акыркы апта аралыгында Кыргызстандан Казакстанга 50 килограмм героин алып өтүү боюнча фактыларды ачыкка чыгарышканын коңшу өлкөнүн Чек ара кызматы кабарлайт.

Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пияз менен кошо жүктөлгөн 40 кг. героин кармалды
Маалыматка ылайык, 17-июль күнү "Кордай" пунктунун чек арачылары тарабынан унаасынын арткы орунтугунун алдына катылган тогуз килограмм героин алып бара жаткан КР жаранын кармашкан. 

Эки күндөн кийин Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга 10 килограммга чукул баңгизат ташып бараткан тажик жараны колго түшкөн.

Шейшемби күнү казак чек арачылары "Лео" аттуу иттин жардамы менен Кыргызстандан Россияга унаа менен бараткан КР жараны кармалган. Текшерүү учурунда машинадан жалпы салмагы 31 килограммды түзгөн героин табылган.

Аталган фактылар боюнча укук коргоо органдарына маалымат берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0