УКМК: согушчандар Бишкектин борборундагы үйгө курал жарактарды чогулткан

Жазылуу
Кармалган жана жок кылынган согушчандардын бардыгы эле Кыргызстандын жарандары эмес. Алардын арасында башка мамлекеттин тургундары да бар экенин УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

БИШКЕК, 17-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйгө согушчандар көптөгөн курал жарактарды жана ок дарыларды жыйнап койгонун УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. 

УКМКнын операциясына күбө болгондор: бардыгынан кабары бар чет элдиктер жүрдү
Анын айтымында, борбор калаада эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча атайын операция жүрдү.

Сулаймановдун айтымында, бейшемби күнү түшкө маал ГЭС-5 аймагында биринчи атайын операция жүргүзүлүп, эки согушчан жок кылынган. Экинчи операция Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө болгон. Ал жактан эл аралык террордук уюмдун бир нече мүчөсү кармалган, калгандары үйгө качып кирип жашынып, куралдуу каршылык көрсөткөн. Эки операциянын жыйынтыгы менен алты согушчан жок кылынганын Сулайманов кошумчалап, канча киши кармалганын так айткан жок.

"Кармалган жана жок кылынган согушчандардын бардыгы эле Кыргызстандын жарандары эмес. Алардын арасында башка мамлекеттердин жарандары да бар", — деди УКМКнын расмий өкүлү.

Ал ошондой эле, Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйгө шектүү кишилер кирип чыгып жүргөнүн тургундар байкаганын, бирок укук коргоо органдарына кайрылышпаганын белгиледи. Ошондой эле, шектүү жарандар болсо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0