Атышуу болгон үйдүн жанындагы бир нече үйдө да өрт чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрү жактагы үйдө жашынды делген эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн жок кылуу учурунда гранаталар ыргытылгандыктан жакын турган башка турак жайлар да жапа чеккенин күбөлөр билдирди.
Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрү жактагы үйдө жашынды делген эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн жок кылуу учурунда гранаталар ыргытылгандыктан жакын турган башка турак жайлар да жапа чеккенин күбөлөр билдирди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, террордук топтун мүчөлөрү жашынды делген үйдү алуу учурунда гранаталар ыргытылгандыктан жакын турган үйлөрдө да өрт чыккан.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрү жактагы үйдө жашынды делген эл аралык террордук топтун мүчөлөрүн жок кылуу учурунда гранаталар ыргытылгандыктан жакын турган башка турак жайлар да жапа чеккенин күбөлөр билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алдын ала маалыматтар боюнча 3-4 үй күйүп жатат.

"Өрттөнүп жаткан үйлөр өчүрүлүп баштады. Окуя болгон жерде беш өрт өчүрүү машинасы иштеп жатат", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Эл аралык террордук топтун мүчөлөрү делинген согушчандар жашынган үйдү алуу учурунда 4 согушчан каза болуп, укук коргоо органынын 4 кызматкери жабыр тарткан. Атайын операция аяктаганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0