Ысык-Атадагы жол кырсыгынан жабыркаган 5 киши Казакстандын жарандары экени аныкталды

Жазылуу
Кырсык кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана Гольф-2 унаасынын үч жүргүнчүсү каза болгон.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Ысык-Атада болгон жол кырсыгынан жабыр тарткандар казакстандык жарандар экени аныкталганын Жол кайгуул кызматы билдирет. 

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атадагы жол кырсыгынан беш адам каза болду
Маалыматка ылайык, 15-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 33-чакырымында Гольф-2 жана Тойота-Авенсис үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Кырсык кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана Гольф-2 унаасынын үч жүргүнчүсү каза болгон. 

Ал эми Тойота-Авенсис автоунаасынын жабыркаган жүргүнчүлөрү Казакстандын жарандары экени аныкталып, Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген. 

Аталган жол кырсыгы боюнча бардык керектүү экспертиза дайындалып, материалдар Ысык-Ата РИИБна өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0