Жайыл районунун милиционерлери адам кыйноого шектелип жатат

Жазылуу
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча кыйноого дуушар болгон жаран буга чейин да райондук прокуратурага кайрылган, бирок иш толук кандуу текшерилген эмес.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл РИИБ төрт кызматкери күнөөнү мойнуна алдыруу үчүн адамды кыйнап, денесине залал келтиргенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Соттун отурумунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратурада адам укугун көзөмөлдөө бөлүмү ачылат
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча кыйноого дуушар болгон жаран буга чейин да райондук прокуратурага кайрылган, бирок иш толук кандуу текшерилген эмес. Мунун натыйжасында, милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Үстүбүздөгү жылдын 9-июль күнү сотко чейинки адам укугун коргоону көзөмөлдөө бөлүмү аталган кызматкерлерге карата кылмыш жаза кодексинин 305-беренесинин (Кыйноо) негизинде кылмыш иши козголду.

Материал Чүй облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0