Жогорку Кеңеш депутаты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутаты Х.К. 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК маалымат кызматы билдирди.

Коркмазовдун кармалганы тууралуу кесиптештеринин кабары жок
УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган депутат Жогорку Сотто карала турган Нариман Түлеевдин ишинин оң жагына чечилишине жардам берүү үчүн анын туугандарынан 200 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылганын маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери башталды. 

ЖК депутаттарынын тизмесинде "Х.К." инициалына Хаджимурат Коркмазовдун аты-жөнү туура келет. Эл өкүлү "Реформа үчүн" депутаттык топтун курамында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0