Пияз менен кошо жүктөлгөн 40 кг. героин кармалды

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын көмүскө базарында героиндин бир килограммы 10-12 миң доллар турса, Россияда 20-25 миң долларга жетет.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Бишкектин айланып өтмө жолунан баңгизат жүктөлгөн жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү пияз жүктөлгөн төрт унааны текшерүүдө жашылча менен кошо капка салынган героин табылган.

© пресс-служба ГУБНОН МВД КРКүнү пияз жүктөлгөн төрт унааны текшерүүдө жашылча менен кошо капка салынган героин табылган.
1/2
Күнү пияз жүктөлгөн төрт унааны текшерүүдө жашылча менен кошо капка салынган героин табылган.
© пресс-служба ГУБНОН МВД КРБаңгизаттын жалпы салмагы 40 килограмм 650 граммды түзөт.
2/2
Баңгизаттын жалпы салмагы 40 килограмм 650 граммды түзөт.
1/2
Күнү пияз жүктөлгөн төрт унааны текшерүүдө жашылча менен кошо капка салынган героин табылган.
2/2
Баңгизаттын жалпы салмагы 40 килограмм 650 граммды түзөт.

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Алымжан Козубаевдин айтымында, унаа ичинен алынган баңгизаттын жалпы салмагы 40 килограмм 650 граммды түзөт. Тажикстандан келе жаткан героин Мосвкага жөнөтүлмөк.

"Кыргызстан аркылуу өткөн эл аралык жана трансулуттук каналдын жолу буулду. Адистердин белгилөөсүндө, алынган баңгизаттын сапаты жана сынамы абдан жогору. Учурда баңгизат жөнөтүүчүлөрдүн чоо-жайы такталууда", — деди Козубаев. 

Адистер Кыргызстандын көмүскө базарында героиндин бир килограммы 10-12 миң доллар турса, Россияда 20-25 миң долларга жете турганын кошумчалашты.

Учурда баңгитрафигине тиешеси барларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0