Ысык-Көлдүн тургунунан 31 кг. марихуана табылды

© Sputnik / Юрий Абрамочкин / Медиабанкка өтүүМарихуана. Архив
Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп жаткан "Мак 2015" операциясынын негизинде аныкталды.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Милиция кызматкерлери Ысык-Көл облсунунун жашоочусунан 31 килограмм марихуана табышканын облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

"Мак 2015" операциясынын алкагында Темир айылдык милиция бөлүмү бир катар иш-чараларды өткөргөн. Алдын ала маалымат боюнча аталган айылдын 21 жаштагы тургунунун үйүн тинтүүдө 31 килограмм баңгизат табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0