Жети-Өгүздө РЭС жетекчилиги кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган

Жазылуу
Райондук РЭСтин жетекчилиги планды аткара албай калгандыгы үчүн 1,2 миллион кВт/саат энергияны эсептен чыгарып салууга көрсөтмө берген.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун РЭСинин жетекчилерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын эсептен мыйзамсыз чыгарышкан. Муну Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аныктап чыккандыгын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек гуманитардык университетинин проректору пара алып жаткан учурда кармалды
2014-жылдын октябрь айында Жети-Өгүз районунун РЭСинин жетекчилиги планды аткара албай калгандыгы үчүн 1,2 миллион кВт/саат энергияны эсептен чыгарып салууга көрсөтмө берген. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, коммерциялык бир уюмга электр кубатын мыйзамды бузуу менен пайдаланды деген жасалма акты түзүлгөн. Аларга 1 миллион 947 миң сомго дебитордук карыз деп кошуп эсептеп коюшкан.

Аталган факты боюнча мындан төрт күн мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0