Баетовдо почта кызматкеринин бутуна ок тийип, каракчы качып кеткенге үлгүрдү

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган киши. Архив
Тапанча кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Талаада 13-июлда күнү эртең менен почта кызматкерлерине ок чыгарган жаран изделүүдө.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Ак-Талаа районунда 13-июль күнү райондук почта кызматкерлерине кол салуу болуп, бирок, кылмышкер акча ала алганга үлгүрбөй бирок, кызматкерлердин бирин бутка атып, изин жашырып качканга үлгүргөн.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Талант Кадыров учурда кол салган адам изделип жатканын билдирди.

"Кол салган адам жалгыз болгон, учурда ал изделип жатат. Жабыркаган почта кызматкери райондук ооруканага жаткырылды", — деди ал.

Нан кармаган кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Сокулуктун почтасы ардагердердин пенсиясын кымырып алышкан
Өздүк булактардын берген маалыматына караганда, почта кызматкерлери пенсия таратуу үчүн банктан алган 1 млн. 300 миң сомду кол салган адам алып кетүүгө үлгүрбөй калган. Ал автоунаадан чуркап түшүп, кызматкерлерге курал такаганда, көчөдөгү байкап калган эл ызы-чуу кылып, шашкан адам ок чыгарып, автоунаага түшө качкан.

Окуя болгон жерде райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук прокуратуранын, акимиаттын жетекчилери болуп, бул боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0