Машина сууга түшүп кетип каза болгон бир жүргүнчүнүн сөөгү табыла элек

Жазылуу
Нива унаасы жеке менчик кран менен чыгарылган, бирок машина ичинде адамдар болгон эмес. Издөө иштеринин натыйжасында 15 жаштагы Мунара Бекибаеванын жансыз денеси 100 метр ылдый жактан табылган.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. 20-30 метр бийиктиктен Чычкан суусуна түшүп кеткен унаанын ичиндеги адамдардын бири табылып, экинчисин издөө иштери улантылып жатканын ӨКМ маалымат кызматы билдирет.

Сууга түшүп кеткен автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чычкан суусуна унаа кулап кетип, эки адам каза болду
10-июль күнү кечки саат сегизде Токтогул районунда "Нива" үлгүсүндөгү унаа айдоочусу рулду башкара албай калганынан улам сууга түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана суучулдар тартылган. Бирок, суунун катуу агымына жана караңгы киргенине байланыштуу унаадагы жансыз денелерди чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. 

Эртеси Нива унаасы жеке менчик кран менен чыгарылган, бирок машина ичинде адамдар болгон эмес. Издөө иштерине 15 куткаруучу тартылып, саат 13:20 чамасында 15 жаштагы Мунара Бекибаеванын жансыз денеси 100 метр ылдый жактан табылган. Сөөк туугандарына өткөрүлүп берилди. 

Машинадагы экинчи жүргүнчүнү издөө иштери ушу кезге чейин улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0