Чычкан суусуна унаа кулап кетип, эки адам каза болду

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүСууга түшүп кеткен автоунаа. Архив
Сууга түшүп кеткен автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун катуу агымына жана караңгы киргенине байланыштуу унаадагы жансыз денелерди чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Бишкек-Ош унаа жолунун 266-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болгонун ӨКМ маалымат кызматы билдирет.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу автоунаа менен эки машина кагышып, кишилер каза болду
Маалыматка ылайык, 10-июль күнү кечки саат сегизде Токтогул районунда "Нива" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, машина 20-30 метр бийиктиктен Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана суучулдар тартылган. Бирок, суунун катуу агымына жана караңгы киргенине байланыштуу унаадагы жансыз денелерди чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. 

Унааны суудан кран менен чыгаруу бүгүн каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0