"Пионер" көлүнө чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Жазылуу
Токтогазиевдин сөөгүн куткаруучулар райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Кара жыгач токоюнда жайгашкан "Пионер" көлүнө чөгүп кеткен Талас облусундагы Талды-Булак айылынын 18 жаштагы тургуну Токтогазиевдин сөөгү табылганын ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Мурдараак 8-июль күнү аталган көлмөгө чөккөн үч кишинин экөөсүн куткаруучулар аман алып калып, үчүнчүсүн издөө улантылып жатканы айтылган. 

9-июлда саат 10.10до Токтогазиевдин сөөгүн куткаруучулар райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0