Аксы районунун сегиз тургуну күйдүргү дартына шектелүүдө

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүУчения по профилактике свиного гриппа прошли на свиноводческом комплексе в Татарстане
Учения по профилактике свиного гриппа прошли на свиноводческом комплексе в Татарстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймакта июнь айында эки жолу ооруган мал союлган.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Аксы районунун сегиз тургуну күйдүргү дартына шектелип, аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузактын тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды
Маалыматка ылайык,  ылаңдаган жылкы жана уй 18-июнда жана 30-июнда союлган. 

Сегиз адам Ак-Суу айыл аймагындагы Жаңы-Талап, Коргон-Төбө жана Ак-Төбө айылынын тургундары.

Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жеринде эпизотикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат жана айылдардын тургундары арасында күйдүргү оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Шектелгендердин улуусу 62, эң кичүүсү 12 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0