Он жашар бала ойноп жатып эки жаштагы инисин атып алды

© Sputnik / Семенов / Медиабанкка өтүүМиниатюрдук мылтык. Архив
Миниатюрдук мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын атасы кой кайтарып тоого чыгып кеткен кезде 10 жаштагы бала 16 калибрлүү мылтык менен ойноп жатып, кокусунан атып алган.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Кара-Кулжа районунун жайлоосунда 10 жаштагы бала кокусунан эки жашар баланы атып алганы тууралуу Sputnik агенттигине Ош шаарынын жана Ош облусунун ИИБ маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев айтып берди.

Кырсык 6-июлда болгон. Жол алыстыгынан маалымат милицияга 8-июлда жеткен.

Аширбаевдин айтымында, балдардын атасы кой кайтарып тоого чыгып кеткен кезде 10 жаштагы бала 16 калибрлүү мылтык менен ойноп жатып, кокусунан атып алган. 

"Ок агасынын жанында ойноп жаткан эки жашар наристеге тийген. Алган жаракатынан ал ошол эле жерден жан берген. Мылтык балдардын чоң атасына катталыптыр, демек, бул үйдө курал мыйзамсыз турган. Аны эч кандай уруксаты жок эле жырткычтардан коргонуу үчүн алып алышкан", — дейт Аширбаев.

Милиция өкүлү эреже боюнча курал балдар жетпеген жерде сакталышы керектигин кошумчалады. 

Мылтык огунан чарчаган бала жерге берилди. Улуу агасы учурда ата-энесинин жанында. 

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин "кокустуктан адам өлүмүнө дуушар кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0