Жаранды 18 саат кыйнаган милиционер 15 жылга кесилиши мүмкүн

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКамакка алынган жарандар. Архив
Камакка алынган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо ыкмалары пайдаланылган эки учурду аныктады.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Кыргызстандын жаранын 18 саат бою кыйноого алган милиция кызматкерлерине "Кыйноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, прокуратурага психикалык жактан жабыркап, дене мүчөсүнө зыян келтирилген жарандын атасы кайрылган. 

"Эгер милиция кызматкерлеринин күнөөсү далилденсе, алар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Сот залынан милицияны өрттөп, бирөөнү өлтүргөндөр 5 жылдан 19 жылга кесилди
Мекеме ушундай эле берене менен Ленин РИИБ кызматкерлери да кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгилейт. Башкы прокуратуранын маалыматында, аталган милиционерлер КР жаранынын үйүн мыйзамсыз тинтип, үй ээсин кыйноого алышкан.

Текшерүүнүн натыйжасында аталган фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жаза кодексинин 305-1-беренеси (Кыйноо) жана 305-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иштери козголду. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0