Чаткалда массалык мушташуу болуп, алты бала ооруканага түшүп, бирөө камакка алынды

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бычакташкандардын алтоосу денесине келтирилген жараттан улам, Чаткал райондук ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Чаткал районун Айгыр-Жал айылында 20-22 жаш курагында балдар массалык түрдө мушташып кетип, анын кесепетинен бир нече студент ооруканага түшүп, бул боюнча кылмыш иши козголду.

Мушташкандардын көбү Бишкектеги жогорку окуу жайларынын 2-3-курстун студенттери болуп чыккан. 

"Чырдын себеби эми тергөөдө анык болот, азырынча иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда алар топтолушуп отурган жерден пикир келишпестик чыгып кетип, жыйынтыгы ушундай мушташка алып келген ",— деди Жалал-Абал облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын катчысы Нурдин Жээнтаев.

Патрон 7Н31 с броневой пулей - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын Москвадагы массалык мушташы криминалдык негизде болду — ИИМ
Бычакташкандардын алтоосу денесине келтирилген жараттан улам, Чаткал райондук ооруканага жаткырылган. 

Ал кайсы окуу жайдын студенттери экендиги боюнча азырынча маалымат бербей тургандыгын айтып, алардын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин кошумчалады. 

Мушташ Айгыр-Жал айылында 4-июлдан 5-июлга караган түнү чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0