СССР учурунда абактан качып, азыркыга чейин кармала электер бар

© Sputnik / Вячеслав Реутов / Медиабанкка өтүүКолония. Архив
Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн ай ичинде абактан качып кеткен 50 адам кармалган.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. СССР учурунда абактан качып, кармала элек кишилер азыркыга чейин изделүүдө. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Аскердик граната. Архив - Sputnik Кыргызстан
Издөө салынган Казакстандын жараны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберди
Республика боюнча эркинен ажыратылган кылмышкерлерди издөө боюнча күчөтүлгөн иштер жарыяланды. 

Маалымат кызматтын билдирүүсүндө, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2015-жылдын 8-июнунан 1-июлуна чейин башка күч түзүмдөрү менен бергилекте ыкчам иликтөө иштери жүргүздү. Жыйынтыгында, абактан качкан 50 адамдын турган жери аныкталып, алар кайра кармалган. 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы аталган ведомствонун каттоосунда СССР учурунда абактан качып кеткендер турганын, издөөдө жүргөндөрдүн жалпы саны 1809 киши экендигин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0