Милицияга пара берген жаранга кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы, акча жана кишен. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы, акча жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансылык мыйзам бузууларга көз жуумуп, ишти өз пайдасына чечүү үчүн жаран милиция кызматкерине пара сунуштаган.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Милиция кызматкерине пара сунуштады деп шектелген жаранга кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык байланыштар мамлекеттик агенттигин текшерип, анын натыйжасында мурунку башкы бухгалтердин мыйзам бузуулары аныкталган.

"Финансылык мыйзам бузууларга көз жуумуп, ишти өз пайдасына чечүү үчүн бухгалтер милиция кызматкерине пара сунуштаган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Милиция кызматкери Бишкек ШИИБ тергөө башкармалыгына рапорт менен кайрылып, аталган жаранга кылмыш жаза кодексинин 314-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Мекеме 3-июнь күнү башкы бухгалтер кызматтык кабинеттердин биринде 300 доллар пара берип жаткан жеринен кармалганын билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0