Бишкекте автоунаа күйүп кетти

Жазылуу
Борбор калаанын №1 ооруканасынын жанында турган машинанын кыймылдаткычы өрттөнө баштаган.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Унаа Бишкектеги №1 оорукананын жанынан күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Фучик атындагы көчөдө S95-18AB мамлекеттик номерлүү Volkswagen Passat автоунаасы күйө баштаганда куткаруучулар өрттү токтотууга үлгүрүшкөн.

Кырсыкка унаа электроникасындагы бузулуу себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0