Салык төлөбөгөн ишкананы туура жолго салышты

Жазылуу
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 3-июль — Sputnik. Финансы полициясынын Нарын жана Ысык-Көл боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери "Нурнефтегаз" компаниясы салык төлөөдөн баш тарткан фактысын аныктаган.

Маалыматка ылайык, ишкана жасалма отчеттун негизинде салык төлөбөй келгени белгилүү болду. Текшерүүнүн натыйжасында, компанияга дагы 1 миллион 913 сом өлчөмүндө салык төлөө милдеттендирилди.

Бул факт боюнча Финансы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0