Миллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталды

Жазылуу
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы салык төлөөдөн качкан жеке ишкер менен ишкананы тапты.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Миллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат кызматы билдирди.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК 206 миллион сомдук салык төлөбөгөн фактыны аныктады
Маалыматка ылайык, 2014-жылы К.А. аттуу жеке ишкер жалпы суммасы 200 миллион 626 миң сомдук күйүүчү май алып саткан, бирок аны салыкта көрсөткөн эмес. Андан сырткары, бул күйүүчү майлар 80 автоунаа менен текшерүүчү пломбалары жулунган абалда ташылып келген. Салыкчылар текшерүүдөн кийин, аталган ишкерге 2 миллион 986 миң сом салык салынган.

Ал эми "Кадыр ЛТД" ЖЧКсы 2012-жылы курулуш материалдарын сатуудан 1 миллион 220 миң сом салыкты жашырып койгону аныкталган.

Учурда аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0