Бала бакча кызматкерлери мыйзамсыз айлык акы алышкан

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүДетский банк
Детский банк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам бузуудан мамлекетке 1 миллион 215 миң сом зыян келтирилген.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Финансы полициясы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги бюджеттик каражатты өз кызыкчылыгында пайдаланган фактыны аныктаганын УКМК маалымат кызматы билдирет.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдердин айлыгынан 8 млн. сомдон ашык акча жеп алгандар аныкталды
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнөн түшкөн маалыматтын негизинде Финансы полициясы прокуратура менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги Ош шаарындагы №22 "Дарман" жана №29 "Асан-Үсөн" балдар бакчасынын кызматкерлеринин айлык акысына мыйзамсыз кошумча акы кошуп бергени аныкталган. Андан тышкары, айрым кызматкерлер иштебеген күнү үчүн да акча алган.

Мындан өлкө казынасына 1 миллион 215 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы башкармалыктын кызматкерлерине карата кылмыш иши козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0