Таразалоо пунктундагы пара берүү боюнча иш Талас сотуна өттү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТаразалоо пункту. Архив
Таразалоо пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзөмөл пункттун кызматкерлери унаа каражаттарынын жүк көлөмүн жана салмагын тийиштүү ченемден ашыра таразалап, ашык жүктөлгөн унааларды өткөрө беришкен дейт Башкы прокуратура.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Талас облусундагы Кызыл-Адыр таразалоо пункт жетекчисинин иши сотко өткөнүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Талас облустук прокуратурасы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте облус боюнча текшерүү жүргүзгөн. Мекеменин маалыматы боюнча, пост кызматкерлери ашыкча жүктөлгөн унааларды өткөргөнү аныкталган. 

"Мындан улам Кызыл-Адыр пунктунун жетекчиси текшерүүнү токтотуп, ишти оң жагына оодаруу үчүн ККК кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча, 18-июнь күнү Талас облустук прокуратурасы тарабынан жетекчиге карата Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда материал Талас облустук сотунда каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0