Караколдун эки сотуна карата кылмыш иши козголду

© Фото / Rae AllenФемида. Архив
Фемида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын кызматтардын билдирүүсүнө караганда, акча берип коюп, ээн-эркин жүргөн мыйзам бузуучулар өзүлөрүнө карата чыгарылган сот чечимдеринен кабарсыз болушкан.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Каракол шаардык сотунун эки судьясына карата кылмыш иши козголгонун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин Коррупцияга каршы кызматы эки судья  кызмат абалынан пайдаланган фактыны аныктаган.

"Судьялар административдик материалдарды кароодо мыйзам бузгандарды 5 күнгө камакка алуу чечимин чыгарышкан. Бирок сот жыйындары жасалма өтүп, чечимдер да жасалмаланган. Ал эми камакка алуу боюнча сот чечимдери тууралуу токтомдор Каракол ОИИБ убактылуу кармоочу жайына жиберилген эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция фуражкасы жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пара алып жаткан Балыкчы шаарынын соту кармалды
Атайын кызматтардын билдирүүсүнө караганда, акча берип коюп, ээн-эркин жүргөн мыйзам бузуучулар өзүлөрүнө карата чыгарылган сот чечимдеринен кабарсыз болушкан..

Сотторго карата кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (Кызмат документтерин жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0