Жок болуп бараткан ак илбирстер, аюулар Кыргызстанда атылып жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адамдардын жанынан төрт капка салынган ак илбирстин жана үч аюунун териси табылган. Маалыматка ылайык, жарандар терилерди 8 миң долларга сатууну көздөшкөн.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын катарына кирген ак илбирске аңчылык жасаган адамдар кармалганын ИИМ маалымат кызматы кабарлайт.

Кызыл китепке кирген жаныбарлар кырылды
Билдирүүгө ылайык, 2015-жылдын июнь айында башкармалыктын кызматкерлерине айрым адамдардын Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терисин сатууга аракет кылып жатышканы тууралуу маалымат түшкөн. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз аңчылык жүргүзгөн жана атылган жаныбарлардын терисин сатуу менен алектенген Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тургундары аныкталган. 

Текшерүү учурунда кармалган адамдардын жанынан төрт капка салынган ак илбирстин жана үч аюунун териси табылган. Жарандар терилерди 8 миң долларга сатууну көздөшкөнү аныкталды. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда ар түрдүү маалымат боюнча болгону 200-250 ак илбирс калса, тянь-шань аюусунун саны 300гө араң жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0