Жүк ташуучу 15 автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн пара берген жаран кармалды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүИри автоунаа жолдо. Архив
Ири автоунаа жолдо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүк ташуучу компаниянын өкүлү ашык жүк жүктөлгөн автомашиналарды текшерүүсүз эле өткөрүп жиберүү үчүн пара сунуштаган.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Баткен облусундагы "Көк-Жар" таразалоо пунктунун кызматкерине жүк ташуучу 15 автоунаанын тоскоолсуз өтүүсү үчүн пара берген жаран кармалганын Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.

Пара берген маданият министринин орун басарын кармоо учуру
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу компаниянын өкүлү ашык жүк жүктөлгөн 15 автомашинаны текшерүүсүз эле өткөрүп жиберүү үчүн 30 миң сом пара сунуштаган.

Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында пара берип жаткан жеринен компаниянын өкүлү кармалып, Кылмыш жаза кодексинин "Пара берүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ал үй камагына чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0