Стамбулга 28 кг алтын алып өтүүгө аракет кылган КР жараны кармалды

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын жынжырлар. Архивное фото
Алтын жынжырлар. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" аэропортунда аткезчилик менен баалуу металлдарды алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкек-Стамбул багытындагы учак менен 28 килограмм алтын, 3 килограмм күмүш алып кетүүгө аракет кылган КР жараны кармалды. Бул туурасында Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аткезчилик менен алынып бараткан алтын менен күмүш бажы текшерүүсү учурунда аныкталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0