Жети жашар баланы тебелеп кеткен айдоочу кармалды

Жазылуу
Жол кайгуул кызматы ата-энелерден балдарды дыкат көзөмөлдөп, кароосуз калтырбоого чакырат. 14 жашка чейинки балдарга велосипед менен автожолго чыгууга тыюу салынышы керектигин эскертет.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Бишкекте велосипед тээп жүргөн баланы коюп кеткен айдоочу кармалды. Жеткинчек алган жарааттарынан улам ошол жерде чарчап калган.

Автоунаанын дөңгөлөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машина сүзүп кеткен төрт жашар кыз чарчап калды
24-июнь күнү болжол менен саат 16.10до белгисиз айдоочу профессор Зима көчөсү менен баратып, №136-үйдүн карама-каршысынан велосипедчен жети жашар баланы тебелеп, окуя болгон жерден качып кеткен. 

Ыкчам-издөө аракеттеринин натыйжасында Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын тарабынан ошол эле күнү шаар тургуну, ЗИЛ-130 унаасынын айдоочусу 1986-жылы туулган жаран кармалган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жол-кайгуул кызматы ата-энелерден балдарды дыкат көзөмөлдөп, кароосуз калтырбоого чакырат. 14 жашка чейинки балдарга велосипед менен автожолго чыгууга тыюу салынганын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0