Ысык-Көлдө өз баласын 25 миң сомго саткан факты боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энеси баласын бага албай калганын айтып, өз ыктыяры менен соодалап жибергендигин сатып алган тарап билдирди.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Ысык-Көл облусунда баласын 25 миң сомго саткан факты боюнча кылмыш иши козголгонун облустун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасы сатып жиберген бала энесине кайтарылды
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2013-жылы анын кызы үч жарым жаштагы эркек баласын Каракол шаарынын тургундарына сатып жибергенин айткан. 

Ыкчам иликтөө иш чарасынын жыйынтыгында баланы сатып алган тарап аныкталган. Алардын айтымында, аял баласын бага албай калганын айтып, аларга өз ыктыяры менен 25 миң сомго сатып жиберген.

"Баланын энесинин баш коргоо чарасын сот чечет. Аялдын жашаган жери аныкталды", — деди Усубакунов.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "адам сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген маалымат кызматы, баланы энесине кайтарып же кайтарбоо чечимин сот кабыл ала турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0