Өлүктөр менен сүрөткө түшкөн студенттер окуудан чыгарылышы мүмкүн

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМобилдик телефон. Архив
Мобилдик телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги тыюу салууларга карабастан, студенттер өлүкканага телефондору менен кирип, мугалимдердин жоктугунан пайдаланып өлүктөр менен сүрөткө түшкөнүн белгилейт.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Өлүктөр менен сүрөткө түшкөн студенттер окуудан чыгарылышы мүмкүн экенин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын маалымат катчысы Абибилла Пазылов билдирди.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИБ: Ала-Букадагы жол кырсыгы бүтүрүү кечесине байланышы жок
Шейшемби күнү ИИМ маалымат кызматы апрель айында өлүктөрдүн жанында сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактарга жайгаштырган студенттердин аты-жөнү такталганын кабарлаган. Сүрөттү КММАнын даярдоо курсунда билим алуучу 19 жашар кыздын интернетке чыгарганы аныкталган. Ал милиция тарабынан суракка алынды.

Мындан тышкары, белгилүү тармактардын бирине студенттердин адам сөөгүн өздөштүрүү учурундагы сүрөтү жайгаштырылган. ИИМ өлүккана боюнча экскурсия жүргүзүүгө жоопкер 1-курстун студенти экени белгилүү болгон.

Пазылов өз сөзүндө жогорудагы жарандар КММАнын студенттери экени далилденсе, "жыйынтык чыгаруу керектигин" билдирди.

"Эгер бул атайын жасалса, мыйзам бузулуп, аталган факт социалдык тармактын пайдалануучулары үчүн бир топ ыңгайсыздыктарды жаратса, анда студенттерге карата окуу жайдан чыгарууга чейинки чаралар көрүлүшү кажет", — деди маалымат катчы.

Бишкекте бүтүрүү кечеси кафе-ресторандарда да белгиленди
Анын айтымында, студенттер үчүн өлүкканада жүрүү тартиби боюнча атайы нускама берилет. 

ИИМ интернетке жайгашкан сүрөттөрдүн бири өткөн жылдын декабрында, ал эми экинчиси үстүбүздөгү жылдын февралына тартылганын билдирди. Маалыматка ылайык, тең тыюу салынганына карабастан, студенттер өлүкканага телефондору менен киришип, мугалимдердин жоктугунан пайдаланып өлүктөр менен сүрөткө түшкөн.

Учурда бардык материалдар Бишкек ШИИБ тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0